ДРАМАТУРГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДРАМАТУРГИ́Я – 1) жазуучунун, элдин же доордун драмалык чыгармаларынын жыйындысы; 2) спектаклдин же фильмдин сюжеттик-образдык концепциясы. Театр драматургиясынын негизин адабияттык драма түзөт, бирок азыркы кездеги театрда ал режиссёрдук сценарий аркылуу ишке ашат. Кино өнөрүнө драматургиянын сценарий түрү мүнөздүү.