ДРЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕЛЬ (немисче drillbohrer) – металл, жыгач жана башка материалдарга көзөнөк жасоочу машина. Ал кол, электр же аба кыймылдаткычтары менен ара­кетке келет. Бурамалуу дрель алга-артка айланып жылуучу бурама менен кыймылга келүүчү бура­малуу шпинделден турат. Темир устачылык дрелде көзөөч конус түрүндөгү тиштүү дөңгөлөктүн жардамы менен айланат. Электрдик дрель тулкусу­нун ичине орнотулган электр кыймылдаткычы­нын жардамы менен кыймылга келет.