ДРОБИТЬКО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДРОБИ́ТЬКО Елена Алексеевна (1909, Россия – 1995, Талас облусу, Кара-Буура району) – тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Талас облусунун Киров (азыркы Кара-Буура) районундагы

«Россия» колхозунда тамеки өстүрүүчү звенонун башчысы болуп иштеген. 1948-жылы ал жетектеген звено 4,5 га аянттагы тамекинин ар гектарынан 22,3 цден түшүм жыйнап алган. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.