ДРОМОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРО́МОС – 1–5-кылымдарда Евразия чөлкөмүндө жаша­ган көчмөн уруулардын көрлөрүндөгү катаком­ба жана подбой казанактарына алып баруучу айдөш казылган жабык коридор. Дромостордун узундугу 4–6 мге чейин жетип, жер алдындагы эңкейиш жасалган узун коридорлор аркылуу сөөктү ка­занакка (катакомбага) алпарып коюу үчүн ылайыкташтырылган. Байыркы дромостор Грекия­нын Эгей жана Этрус маданиятынын табыт коюлуу­чу жайларынан кездешкен. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кара деңиз­дин түндүк жээктеринде, Ташкент жана Бухара оази­стеринде жана Казакстандын түндүк райондорунда көп кездешет. Кыргызстанда дромостуу көрүстөндөр Чат­кал, Талас, Кетмен-Төбө, Баткен жана Алай өрөөндөрүндө кеңири тараган. Дромос хунн уруула­рына таандык деп эсептелинет.

А. К. Абетеков.