ДРУЖБА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДРУ́ЖБА (мурдагы Красный Восток) – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун ж-а Чоң Чүй каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 764 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км аралыкта. Калкы 2218 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Мончо, ашкана ж. б. бар.