ДУАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУАЛИ́ЗМ (лат. dualis – эки ача чечим, оома) – 1) кош башаттуулук, эки жактуулук; 2) монизм­дин карама-каршысы, дүйнөдө бири бирине көз карандысыз, тең укуктуу эки башталманы – рух м-н материяны бирдей даражада таанууга не­гизделген философиялык окуу. Терминди немис филосо­фу Х. Вольф киргизген. Дуализмдин көрүнүктүү өкүл­дөрүнүн бири – Р. Декарт. Дуализм окуусу И. Кант­тын философиясына да мүнөздүү. Дуалисттик окуу психика-физикалык параллелизм теориясынын философиялык негизин түзөт.