ДУБАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБА́Й , Д и б а й – Бириккен Араб Эмирликте­ри мамлекетиндеги шаар. Араб жарым аралынын түндүк - чыгышында. Перс булуңундагы порт. Дубай эмирлигинин административдик борбору. Калкы 3,3 млн (2020). Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуучу аймактын борбору. Алюминий заводу, ке­мени кургакта ремонттоочу дүйнөдөгү эң ири ку­рулма (кургак док) иштейт.