ДУБАНА КӨЛҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУБАНА КӨЛҮ – Чаткал кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан табияты кооз көл. Чаткал өрөөнүнүн төрүндөгү Дубана суусунун сол куймасы – Каратоконун алабынан орун алган. Көл чанагы мөңгүнүн таасиринен пайда болуп, деңиз деңгээлинен 3000 м бийикте жатат. Аянты 0,54 км2. Кар, жаан-чачын сууларынан куралат. Айланасында көк карагай, арча, кайың, түрдүү бадал өсөт. Көлдөн Каратоко суусу агып чыгат.