ДУБАНАЕВ
ДУБАНАЕВ Садырбек Мамбеталиевич (25. 4. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы) – милициянын генерал-майору (1994). КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. СССР ИИМдин Фрунзедеги атайын орто мектебин (1972), Караганды жогорку мектебин (1979), СССРдин ИИМ

Академиясынын жогорку курсун (1986) бүтүргөн. Эмгек жолун 1966-жылы Бишкектеги Ленин атындагы заводдо слесарь болуп иштөөдөн баштаган. 1972–2006-жылдарда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн эксперти, кылмыш издөө бөлүмүнүн инспектору, улук эксперт-криминалист, административдик иштер боюнча начальниктин орун басары, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги, Ысык- Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Нарын, Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыктарынын начальниги, КРдин ички иштер министринин 1-орун басары, КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, КР УККнын чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары, 2006-жылдан КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары. КРдин Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири. Милициянын отличниги. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). «Эрдик» ж. б. медалдары м-н сыйланган.