ДУБЛЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБЛЁР (французча doubleur – эки эселөө) – роль ат­каруучу менен кезектешип ойногон экинчи актёр. Театрда негизги аткаруучу ооруп калган учурда бир канча спектакль коюлганда же бир образды ар кыл чечүү үчүн чыгармачылык таймаш жүр­гүзүлгөндө роль аткаруучу; кинодо татаал оюндарда (трюктарда – машина айдаганда, ат мингенде, музыкалык аспапта ойногондо жана башкаларда) негиз­ги актёрду алмаштыруучу адам.