ДУГОВ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУГО́В МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы – Коллектор тоосунун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,5 км, аянты 4,5 км2. Исфайрам-Сай ж-а Шаймерден сууларынын алаптарын бөлүп турган тармагынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 4000 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4500 м, абляция аймагынын аянты 2,2 км2. 1935–73-жылдарда жылына 25–70 мге тартылган; кийин тартылуу басаңдаган. Мөңгүдөн агып чыккан суу Арча-Конушка (Исфайрам-Сайдын оң курамы Сүрмө-Таштын алабында) оң тараптан куят.