ДУДИНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУ́ДИНОВ Олимпий Аврамович (30. 7. 1896 –7. 12. 1955) – окулист, медицина илимдеринин докто­ру (1941), профессор (1949). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1954), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945). Томск университетинин медицина

факультетин бүтүргөн (1920), Урал шаарындагы 4-амбулато­рияга (1920–25), Алматы­дагы (1931) ж-а Фрунзедеги (1938– 41) көз оорулар кли­никасында бөлүм башчы болгон. 1941-жылдан өмү­рүнүн акырына чейи н КММИнин көз оорулар ка­федрасын башкарган. Дудинов – 84 илимий эмгектин автору. Не­гизги эмгектери Кыргызстанда трахоманы жоготуу, көздүн тунук кабыгынын ириңдүү жарасын дарылоо ж-а андан сакта­нуу чараларына арналган. СССР Жогорку Со­ветинин (3-шайланышы) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Задачи ликвидации трахомы в Киргизской ССР // Советское здравоохранение Киргизии. 1955, № 5.