ДУМАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУМАЛАР – украин оозеки музыкалык фольклору­нун эпика-лирикалык жанры. Мазмуну боюнча тарыхый окуяларга арналат. Думалар XV–XVII кылымдарда ка­зак орус демократиясынын өзгөчө шарттарын­да пайда болгон. Думалардын репертуарынын негизги бөлүгүн сокур ырчылар – кобзарлар (банду­рачылар) түзгөн. Думаларда татар-түрктүн колуна түшкөн украин кул туткундардын көргөн азап-тозогу, поляк шляхтасынын эзүүсүнө кар­шы украин элинин боштондук согушу баян­далган. Кийин Улуу Октябрь революциясы, Граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө Думалар пайда болгон.