ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ – 19-кылымдын 60-жылдарында Чы­гыш Түркстан ж-а Кытайдын түндүк-батыш айма­гындагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылы­шына байланышкан элдик кыймыл. Кытай бий­лигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар Кыргызстан м-н Ка­закстанга жер которууга мажбур болушкан. Аде­генде 1866-жылы Жети-Сууга сарт калмак уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-жылы Россия мамле­кетинин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумундар эки айыл болуп, бири Текес өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уез­динде (732 түтүн) эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч м-н ээлеп алган жерлер 1882-жылы кайра Кытайга кайтарылганда (к. Петербург келиши­ми, 1881), 240 түтүн калмак өз каалоосу м-н Рос­сиянын ээлигине өтөрү тууралуу бүтүмгө келип, Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак (Те­кес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара тактал­гандан кийин алар көл кылаасына келип, Ка­ракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алып, Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыштактары пай­да болгон ж-а 1913-жылы 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-жылы 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен.
Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай чек арасынан үч багыт м-н өтүп, Да-Сы-Фу жол­ башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандар­дын алгачкы тобу 1877-жылы ноябрдын башы ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-жылы жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык ж-а ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миң­дей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Бы­янху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кы­зыл-Бел ашууларын ашып, 1877-жылы Нарынга ке­лишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калка­лаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга ке­лишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийли­гине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байла­ныштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар м-н уйгурларга Ата журтун­да (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миң­ден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу облусунан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Вер­ный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек, Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түштүк Кыргызстанга келген дунган, уйгурлар адеген­де Ошко жакын жерде (Кара-Суу району) туруп кал­ган. Падышачылыктын оторчул саясаты жер-­суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орус­тарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-таш­ка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дун­гандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай са­лып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Со­кулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-жылы дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер Александровка деп аталган. Бишкек м-н Токмокто дунган слобод­калары (шаар четиндеги кыштак) 1882-жылы пай­да болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 км аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуш­тар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.

Ад.: Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967.

Т. Өмүрбеков.