ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ Түркстан Республикасы­нын 1920-жылдын 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азия­да ак гвардиячыларга ж-а басмачыларга кар­шы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный ж-а Пиш­пек уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы Магазы Масанчин болгон. Дунган атчандар полку 1921-жылы Фергана өрөөнүндө Максум, Халбут корбашылардын, Кагар молдонун бандаларын талкалап, Оро-Төбө районун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-жылы басмачылардын негизги күч­төрү талкалангандан кийин таркатылган.