ДУНГАНДАР
ДУНГАНДАР (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, лаохуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) – Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбекстан (5 миң), Кыргызстан (60 миңге жакын), ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Дунгандардын ата-бабалары – хуэй 19-кылымдын 2-жарымында Кытайдагы Цинь династиясына каршы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияларынан Казакстан (Кара-Коңуз, Шор-Төбө айылдарына шеньсиликтер) ж-а Кыргызстанга (Ырдык айылына ганьсулуктар, Александровка айылына синьцзяндыктар) көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан «Хуэймин Бо» («Дунган гезити») гезити, китептер дунган тилинде басылып, радио берүү жүргүзүлөт. КР УИАда Кытайдан тышкары жерлерде жашаган Дунгандардын тарыхын ж-а маданиятын илимий жактан изилдөөчү дунган таануу бөлүмү иштейт. Дунгандар дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесиптени-

шип, дубалы кыштан же саман аралаш топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкысын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салынган секичеде (кан) укташкан ж-а тамактанышкан. Эркектер м-н аялдардын улуттук кийимдеринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топчуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шырылган бут кийим, аялдары саймаланып кооздолгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары ж-а жашылчажемиштер, анын ичинде крахмалдуу кесме, күрүчтөн даярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пайдаланылат. Күрүчтү ж-а нанды тузсуз даярдашып, тамакты таякчалар м-н жешет. 1994-жылы Кыргызстанда Дунгандар ассоциациясы (президенти Есен Исмаилов) түзүлгөн. Учурда дунган улутунун өкүлдөрү Кыргызстандын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө. Кыргызстандын адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормочу Ясыр Шивазага Кыргыз ССР эл акыны (1974) деген наам ыйгарылган.
Ад.: Сушанло М. Дунгане (историко-этнографический очерк). Ф., 1971.
Ч. Жумагулов.