ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ
ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1862–77-жылдарда Цин империясынын курамына кирген дунган калкынын азаттык үчүн күрөшү. 19-кылымдын 1-жарымында ислам динин тааныган дунгандарды Цин бийлиги катуу эзген. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү м-н, өздөрүн чыныгы мусулман деп (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешип, өзүлөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялдарынын буттарын таңып басууга ж-а кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы м-н, башталардан мурун эле «мусулмандар» ж-а «каапырлар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут ж-а дин ажырымы өзгөчө роль ойногон. Дунгандар 1862-жылы Шаньси провинциясындагы Синган шаарында башталып, анын башталышына дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожолор м-н имамдар жашына карабай бардык эркектерди «каапырларга» каршы «газават» жарыялоого чакырышкан. Балдарын ж-а аялдарын душманынын колуна кетпесин деген дунгандар шаарды калтырарда аларды өз колдору м-н өлтүрүп кетишкен. 1864-жылы жай айында Үрүмчүнүн аскер гарнизону талкаланып, август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзяндын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтөрүлүшкөн. Цин бийлиги Россия империясынан жардам сурап бир нече жолу кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн Орто Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкарган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгышында Кара-Шаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай деген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мамлекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожолордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан Йакуб бек бийликке келип, Кашкар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кийин Жети-Шаар мамлекети түзүлөт. Натыйжада булардын ортосундагы мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы Россия империясы өз коопсуздугун шылтоо кылып, аскерин Илеге киргизет. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басып,1876-ж.жай-күз айларында Гучан,Фукан, Үрүмчү, Манас шаарларын алышы м-н Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учурайт. Бул көтөрүлүштү Цин империясынын аймагында жашашкан кыргыздар м-н казактар да активдүү колдошкон.
Ад.: Гейнс А. К. О восстании мусульманского населения или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Яньху. Ф., 1959.
Э. Турганбаев.