ДУПЛЕКС-АВТОТИПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУПЛЕ́КС-АВТОТИ́ПИЯ (латынча dupleх – кош кабат жана aetjs – өзүм, tepos – из, форма) п о ­л и г р а ф и я д а – бир түстүү фото сүрөттөлүштү эки боёктуу кылып көрсөтүү: боёктун бири түстүү (күрөң, көгүлтүр, жашыл жана башка); экинчи­си (контурдук) – кара же боз. Дуплекс-автотипия бир боёк­тууга караганда ажайып көрүнгөн сүрөттөлүштү берет. Мында түп нускадан эки негатив даярда­лат: бири өтө контрасттуу, экинчиси – жумшак. Бирөөсү негативдин нормалдуу абалында, ал эми экинчиси 30–45°ка бурулганда сүрөткө тарты­лат. Контрасттуу негативдин чиймеси кара боёк, ал эми экинчиси түстүү боёк (негизинен көгүлтүр, жашыл, саргыч) менен басылат.