ДУПЛЕКС-ПРОЦЕСС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУ́ПЛЕКС-ПРОЦЕ́СС м е т а л л у р г и я д а – удаалаш эки агрегатта болот эритүү процесси. Дуплекс-процесс биринчи жолу 19-кылымдын экинчи жарымында колдонула баштап, ар кандай агрегаттардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзгөн. Мисалы, Дуплекс-процесс электр мешинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат (башкача айтканда сапаттуу болот өндүрүүнү көбөйтөт), ошондой эле электр кубатынын жумшалышын салыштырмалуу азайтат. Бул электр мешинен эриген шихтаны алып чыгуу ж-а металлдын бир бөлүгүн чакмактоо аркылуу жетишилет.