ДЫЙКАН-КЫШТАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЫЙКАН-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 28 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 2 км. Деңиз деңгээлинен 1040 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 13195 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А. Жумабаев, Т. Мусаев, С. Нишанов, Ю. Тургунов, И. Исмаилова, А. Маматурдиев, А. Алиахунов туулган.