ДЫЙКАНБАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЫЙКАНБАЙ Тойчубек уулу (1873, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ой-Булак айылы – 1923, ошол эле жер) – семетейчи. Уулунун эскерүүсүнө караганда атасы Тойчубек сыяктуу Дыйканбай да «Семетей» эпосун айткан. Жамакчы-ырчы да болуптур. «Бала ырчы» аталып жүргөн кезинде бир дубана жолугуп, «Манасты» айтып жүр деген экен. Ал солто, сарбагыш, Көл өрөөнүндө, Нарын, Ат-Башы ж. б., Кытай жериндеги черик уруусуна барып, «Манас» айткан, Акылбек, Назар, Сагымбай өңдүү чоң жомокчуларга жолуккан. Тыныбек манасчы «Семетейди» айтууда Дыйканбайдын алдына ак калпактуу кыргыздан эч ким чыгалбайт»,– деп экен.