ДЭЭР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЭЭР – адам акыл-эсинин уюткусу, негизи. Кыргыздар дээрди тубаса касиет деп эсептешет. Адамдын дээринде болбосо, жүргүзүлгөн таалим-тарбия, айтылган, берилген акыл-насаат анча жукпайт, жемиши аз деп түшүнүшөт. Адамдын дээриненби же тарбиясынанбы – бул маселе гуманитардык илимдерде азыркыга чейин талаш-тартышка түшүп келет.