ДЮВЕРЖЕ
ДЮВЕРЖЕ́ (Duverger) Морис (5. 6. 1917-жылы туулган, Шаранта департаменти, Ангулем) – француз саясат таануучусу, саясат социологиясы боюнча адис (мамлекет таануучу). Дюверженин «Саясий партиялар» (1951) аттуу китебинде партиялардын курамдык-уюмдаштык негиздери, алардын калыптануу ж-а өнүгүү өзгөчөлүктөрү каралган. Партиялык, парламенттик, шайлоо системаларынын өз ара байланышы жөнүндөгү теориялык маселелерди саясат таануу илиминде биринчи жолу көтөрүп чыккан. Шайлоолук ж-а партиялык системалардын «социологиялык үч мыйзамын» тастыктап алып чыкты. Алардын жоболору: 1) пропорциялуу шайлоо системасы ички түзүлүшү жагынан бекем курамдан турган, көз карандысыз аракеттенген көп партиялардын пайда болушун шарттайт; 2) абсолюттук мажоритардык шайлоо системасы ийкемдүү жолду туткан, өз ара ымалалашууга умтулган партиялык системаны жаратат; 3) салыштырмалуу мажоритардык шайлоо системасы кош партиялуулук системаны калыптандырат. Дюверже өзүнүн «Янус. Батыштын эки жүзү» (1972) деген китебинде саясатты «эки жүздүү Янус» м-н салыштырган. Биринчисинде, саясат – бул көпчүлүктүн үстүнөн азчылыктын артыкчылыгын жоюуга кызмат кылса, экинчисинде, саясат дегенди коомдогу бардык жарандардын биригишинин ж-а адилет мамлекет курушунун каражаты катары чыгат деп эсептейт. Дюверже бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кеңешчилик кылган, Франция, Мексика, Грекия мамлекеттеринин ордендери м-н сыйланган.
Эм.: Дюверже Les partis politiques. P., 1951; La sociologie politique. P., 1966.