ДЮЛОНГ–ПТИ ЗАКОНУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЮЛО́НГ–ПТИ ЗАКОНУ – катуу заттардын туруктуу көлөмдө ж-а Т≥300К температурада жылуулук сыйымдуулугу 6 кал/(моль.К) же 25 Дж /(моль.К) экендиги жөнүндөгү тажрыйбадан алынган эреже. Законду 1819-жылы франциялык физиктер П. Дюлонг ж-а А. Пти ачкан. Дюлонг–Пти закону химиялык элементтер м-н жөнөкөй кошулмалар үчүн бөлмө температурасында аткарылат. Төмөнкү температурада катуу заттардын жылуулук сыйымдуулугу температурага көз каранды, к. Жылуулук сыйымдуулук, Катуу нерселер.