ДҮЙНӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨ ф и л о с о ф и я д а — кең маанисинде, бардык нерсени (табыят, коом, адам) бүтүн, ту­таш камтыган түшүнүк. «Болмуш», («бытие») түшүнүктөрү м-н мазмундаш. Дүйнөнүн жаралышы, өзгөрүп-өнүгүшү, түзүлүшү жөнүндө кыргыздар ил­гертен көп кырлуу көз караш күтүп, аны мифо­логиясында, элдик оозеки чыгармаларында, аңыз-уламыштарында туюнтуп келишкен. Илимдин таралышы м-н Дүйнө жөнүндөгү ой-түшүнүк башка негизде, башка деңгээлде түзүлгөн. Дүйнө тар маанисинде – табыяты, теги бир кубулуштар­дын курамы, мисалы, балдар Дүйнөсү, искусство Дүйнөсү, спорт Дүйнөсү ж. б.