ДҮЙНӨ БӨЛҮКТӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДҮЙНӨ БӨЛҮКТӨРҮ – Жер шарынын шарттуу бөлүктөрү; ага материктер же анын бөлүктөрү ж-а ага жакын жаткан аралдар кирет. Дүйнө бөлүктөрү алтоо: Европа, Азия (экөө биригип, Евразия материгин түзөт), Африка, Австралия, Америка (Түштүк Америка, Түндүк Америка материктери), Антарктида; кээде Океания да Дүйнө бөлүктөрүнө кирет. Ошондой эле Жаңы ж-а Эски Дүйнө бөлүктөрүнө бөлүнөт.