ДҮЙНӨЛҮК СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨЛҮК СИСТЕ́МАЖер, Күн, Ай, плане­талар, жылдыздар ж. б. асман телолорунун мей­киндикте жайгашышы ж-а кыймылы жөнүндөгү түшүнүк. Байыркы убакта эле Жердин Аалам­дагы орду жөнүндө түшүнүк пайда болгон. Анда Жер жалпак, анын астында дүйнө бар, үстүндө бол­со асман көмкөрүлүп турат деп эсептелген. Бай­коолордун маалыматтары көбөйгөн сайын жыл­дыздуу асман толук сферадай, ал эми Жер шар сымал деген түшүнүк келип чыккан. Андан ки­йин дүйнөнүн геоборбордук, анан гелиоборбор­дук системалары түзүлгөн.