ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек
(ДҮЙШЕЕВ 2 барагынан багытталды)
ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек Муктарович (02. 6. 1963, Чүй облусу, Аламүдүн району, Орто-Сай айылы – 25. 2. 2003, Бишкек) – спортчу (бокс), КРдин эл аралык класстагы спорт чебери (1993), КРдин 7 жолку чемпиону, СССР чемпионатынын 3 жолку байге ээси (1989–91). Түркия ж-а Индонезия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. № 15 кесиптик-техникалык окуу жайын (1981), КМДТИун(1989) бүтүргөн. Бокс м-н 11 жашынан машыккан. 1990-жылдан Бишкекте машыктыргыч катары эмгектенип, 30дай спорт чеберин ж-а эл аралык турнирлердин көптөгөн жеңүүчүлөрүн ж-а КРдин чемпиондорун (анын ичинде Азия оюндарынын катышуучулары бар) даярдаган.