ДҮЙШЕЕВ Арстанбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Арстанбек (16. 9. 1932, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 30. 6. 2003, Бишкек) – мамлекеттик ж-а партиялык ишмер, КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1992); ветеринария илимдеринин кандидаты (1970). 1954-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөн. 1954–57-жылдарда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң совхо­зунда башкы ветврач, 1957–60-жылдарда Нарын облу­сундагы Жумгал районунун Жумгал совхозунда директор, 1960–62-жылдарда Кыргызстан КП Совет рай­комунун секретары, Кыргызстан КП БКда жооптуу уюштуруучу, 1962–68-жылдарда Кыргызстан КП Өзгөн райко­мунун 1-секретары, 1968–71-жылдарда Кыргызстан КП БКда секретарь, 1971–79-жылдарда Кыргызстан КП Ысык-Көл об­комунун 1-секретары, 1979–81-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун тө-


рагасынын орун басары, 1981–86-жылдарда Кыргыз ССР Ми­нистрлер Советинин төрага­сы, 1986-жылдан Кыргызстан ве­теринария илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. Ал 20дан ашык илимий эмгек­тердин автору. Илимий эмгекте­ри малдын кан мителери пайда кылуучу ылаңдарына каршы иш-чараларды иш­теп чыгууга багытталган. СССР Жогорку Сове­тинин (3 жолку), Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин (6 жолку) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели тургузулган.