ДҮЙШЕМАЛИЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДҮЙШЕМАЛИЕВ Таштан (23. 8. 1923-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Карагай-Булак айылы –4.5. 2009, Бишкек, сөөгү Карагай-Булак айылына коюлган) – тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1972). 1950-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. 1950–72-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1972–83-жылдарда К. И. Скрябин атындагы КАЧИнин КПСС тарыхы кафедрасынын профессору 1983-жылдан Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда жетектөөчү илимий кызматкер. Кыргызстандын айыл чарбасын изилдөөгө багытталган 90го жакын (анын ичинде 8 монография) илимий эмгектин автору.