ДҮЙШЕНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович (1960- жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык айы­лы) – физика-математика илимдеринин доктору (2002). Деформациялануучу катуу нерселердин механи­касы тармагы боюнча адис. Ростов-на-Дону куру­луш-инженерлер институтун (1982) бүтүргөн. ФПИде инженер-программист, окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, Курулуш механикасы кафедрасынын башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атындагы КТУда кафедра башчы, 1999–2002-жылдары прорек­тор. 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 моногра­фия, техникалык университеттин студенттери үчүн 2 окуу кура­лы жарык көргөн.

Эмг.: Некоторые основные вопросы механики дефор­мируемого тела (соавторстве). Б., 1995. Новое воззре­ние на некоторые основы механики деформируемого тела (соавторстве) Б., 1999; Уравнение огибаюшей линии предельных кругов напряжений. Б., 2003.