ДӨДӨМӨЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДӨДӨМӨЛ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 45 км чыгыш тарапта, Багыш темир жол бекетинен 151 км. Калкы 1046 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, айылдык врачтык амбулатория бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Нураков туулган.