ДӨМӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨМӨР , К е м п и р -А б а д – Жалал-Абад обл­усунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 10 км. Деңиз деңгээлинен 750 м бийик­тикте жайгашкан. Калкы 3056 (2022); негизи­нен техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп бар.