ДӨРӨ-СУУ МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ
ДӨРӨ-СУУ МРА́МОР ОНИКСИ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен аймагын палеогендин конгломераты м-н ордовиктин аягында пайда болгон гранит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат м-н граниттин кошулган жериндеги тектоникалык жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аянты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс саргыч арагонит м-н кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10Ч10Ч15 см. Запасы 70 м3. Белектик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.