ДӨӨЛӨС БААТЫР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДӨӨЛӨС БААТЫР , Д ө ө л ө с б а к т ы К ы л ж ы р у у л у (16-кылым) – кыргыздардын калмактарга каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; Тагай бийдин небереси, Орозбактынын бир тууганы (к. Бугу). Дөөлөс баатырдын тукуму сарыбагыш аталып, анын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдун ж. б. эмгектерде айтылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган калмактарга жортуул уюштуруп, алардын айылдарына бүлгүн салып турган. Санжырада айтылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал м-н колго түшүрүп, орго салып салганда, коңтаажынын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Дөөлөсдан Токо, Жантай, Элчибек ж-а Манап деген уулдар тараган.
Ө. Осмонов.