ЕВРЕЙ АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ
ЕВРЕ́Й АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ – Россия Федерациясынын субъектиcи. Россиянын Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Амур боюнда жайгашкан. Облус 1934-жылы 7-майда уюшулган. Кытай м-н чектешет. Аянты 36 миӊ км2. Калкы 145,8 миӊ (2024). Борбору – Биробижан ш. Шаар калкы 66,3%. Административдик-аймактык жактан 5 административдик районго, 2 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Облуста орус (89,9%), украин (4,4), еврей (1,2), татар, беларус ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Табигый аймагынын 12% коргоого алынган. Алар Бастак коругу, 6 заказник, 25 табият эстелиги (анын ичинде гидрологиялык, геологиялык, ботаникалык ж. б. бар). Түндүк-батышы м-н түндүгүндө Кичи Хинган ж-а Бурея кырка тоолору (бийиктиги 1421 м), түш.-чыгышында Ортоӊку Амур ойдуӊу орун алган. Климаты мелүүн муссондук. Январдын орточо температурасы –21…–25°Сден (түздүктөрүндө) –30°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 20–22°С, жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Негизги дарыясы – Амур. Токойдун күрөӊ, шалбаа-саз ж-а аллювий топурактары мүнөздүү. Аймагынын 1/3 ин токой ээлеп, анда ийне жалбырактуу токой басымдуу. Кен байлыктардан темир, марганец, калай, алтын, көмүр, графит, тальк, брусит ж. б. казылып алынат. Кульдур курорту иштейт. Региондун дүӊ продукциясы 4782,8 млн рублди түзөт; андагы өнөр жайдын үлүшү 15,3% (2001). Башкы өнөр жай тармактары: курулуш материалдары, электр-энергетика, машина куруу, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, жеӊил. Ошондой эле «Зима» кийиз чокой ж-а кондитер фабрикалары, эт комбинаты иштейт. Күрөӊ көмүр, магний казылып алынат. Региондун дүӊ продукциясында айыл чарбасынын үлүшү 13,9% (2001). Айыл чарбага жарактуу жери 537,2 миӊ га (жер фондунун 14,8%), анын ичинде айдоо аянты 17,2%. Дан эгиндери, соя, картөшкө, жашылча айдалат. Техникалык өсүмдүктөр басымдуу (61,8%). Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы ж-а чочко асыралат. Аары чарбасы өнүккөн. Темир жолунун узундугу 513 км, автомобилдики 1533 км, суу жолунуку 685 кмдей. Амур ж-а Тунгуска дарыяларында кеме жүрөт. Төрт ЖОЖ, 2 театр, филармония, 3 музей, обл. китепкана (2003) бар.
Ад.: Еврейская автономная область//Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007.
Р. Карачалова.