ЕВРИПИД
ЕВРИПИ́Д , Э в р и п и д (биздин заманга чейинки 484-жылдар чен, Саламин аралы – биздин заманга чейинки 406-жылдар чен, Пелла) – байыркы грек драматургу. 92 драмалык чыгарма жазган, бизге 17 трагедиясы жана бир сатиралык драмасы («Киклоп») жеткен. Чыгармаларында (биздин заманга чейинки V кылымдын 2-жарымы) Афинадагы саясий жана адеп-ахлак салттарынын бузулушун чагылдырган, көйгөйлөрдүн курч коюлушу аркылуу ал «сахна философу» катары таанылган. Еврипид Кудайдын ырайымсыздыгын («Ипполит», «Геракл») жана согушту («Троялык аялдар», «Финикиялык аялдар») айыптаган, «Ифигения Авлидада» трагедиясында биринчи болуп аял сүйүүсүнүн психологиясын иштеп чыккан. В. Г. Белинский Еврипидди тереӊ ойчул, афиналык акыркы улуу трагик катары баалаган.

Чыг.: Трагедии. В 2 т. / Пер. Анненского. М. 1999.
Ад.: Тронский И. М. Истории античной литературы. 3-е изд., Л., 1957; Ярхо В. Н. Древнегреческая литература. Трагедия. М. 2000.