ЕВРО
Е́ВРО – Европа союзуна (ЕC) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү валютасы. 2007-жылдын 1-январына карата Экономика жана валюта союзунун (ЭВC) мүчөлөрүнүн – 13 мамлекеттин (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия) жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты. Ар бир мамлекет Еврого өтүүдө бирдей критерийге жооп берүүгө‚ башкача айтканда инфляциянын деӊгээли 2‚6%тен‚ мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3%тен‚ ал эми жалпы мамлекеттик карыз ички дүӊ продуктунун (ИДП) 60%инен ашпоого тийиш. Проценттик ставканын ж-а валюта курсунун мүмкүн болуучу олку-солкулук чеги да белгиленген. Европа борбордук банкы 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 Евро ж-а 1, 2, 5, 10 цент тыйынын 1, 2 Евро тыйынын чыгарат. Банкноттор ж-а тыйындар ЭВС катышуучулары болгон өлкөлөрдө чыгарылат. Бирдиктүү валютаны киргизүүнүн шарттары ЭВCке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жакындатууга шарт түзөт. Евро Кыргызстанда да колдонулат.