ЕВРОПА ВАЛЮТА CИCТЕМАCЫ
ЕВРО́ПА ВАЛЮ́ТА CИCТЕМАCЫ (European monetapy system‚ EМS) – Европа экономикалык кызматташтыгы өлкөлөрүнүн валюталык мамилелеринин уюштуруу формасы. Европа уюмуна мүчө мамлекеттердин валюта курстарын координациялоо ж-а турукташтыруу максатында 1979-жылы түзүлгөн. Европа валюта системасын түзүү демилгеси м-н ГФР ж-а Франция биргелешип чыгышкан. Алардын долбоорлору Бремен шаарында (ГФР) өткөн Европа экономика коомуна (ЕЭК) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеӊешмесинде каралган ж-а жеткире иштелип чыккандан кийин 1978-жылы жактырылган. «Жалпы рыноктун» сегиз өлкөсү – ГФР‚ Франция‚ Италия‚ Нидерланд‚ Бельгия‚ Люксембург‚ Дания ж-а Ирландия Европа валюта системасынын катышуучулары‚ 1990-жылы Улуу Британия ж-а Испания Европа валюта системасынын толук мүчөсү болуп калышты. Европа валюта системасы белгиленген валюта курстарынын ж-а валюта курстарын бирдей негизде белгилөө үчүн пайдаланылган ж-а резервдик актив болуп эсептелген европа эсептешүү бирдигинин механизмдеринин негизинде түзүлгөн. ЕВCти Европа валюта кызматташтыгынын фонду башкарган. Европа валюта системасына кирген ар бир өлкө өз валютасын ж-а өздүк борбордук банкын сактады. Евро чыгарылгандыгына байланыштуу 1999-жылдын 1-январынан тартып Европа валюта системасы экономикалык ж-а валюта союзуна алмашылган.