ЕВРОПА РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ
ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ (ЕРӨБ) (European Bank for Reconstruction and Development‚ EBRD) – Борбордук ж-а Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө узак мөөнөткө кредит берүүчү региондук өкмөттөр аралык банк Парижде 1990-жылы уюшулган, 1991- жылдан иштей баштаган. Штаб-квартирасы – Лондондо. Банктын 63 мүчөсү бар (2007), анын – 61и мамлекеттер ж-а экөө эл аралык уюм: Европа союзу (ЕC) ж-а Европа инвестиция банкы (ЕИБ). Банктын мүчөлөрү европалык ж-а европалык эмес өлкөлөр – ЭВФ мүчөлөрү болушу мүмкүн. Банк капиталы мүчө мамлекеттердин мүчөлүк акысынан турат: акциялардын 50%и ЕC өлкөлөрүнө‚ 10%и АКШга‚ 4%и Россияга таандык. Банктын максаты: 1) Борбордук ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ачык рынок экономикасына ж-а жеке менчик ишкерликке өтүшүнүн негизинде экономикалык өнүгүүгө ж-а реконструкциялоого өбөлгө түзүү; 2) карыз өлкөлөргө структуралык реформаны ишке ашырууга‚ менчиктештирүүгө‚ монополизмди жоюуга‚ алардын экономикасын борборлоштурбоого ж-а дүйнөлүк экономикага бириктирүүгө көмөктөшүү. ЕРӨБдүн жетекчи органы – бир жылда бир жолу кеӊешме өткөрүүчү Башкаруучулар кеӊеши. Кеӊеш жаӊы мүчөлөрдү кабыл алат‚ банктын президентин ж-а директорлорун шайлайт. Аткаруучу органы – Директорлор кеӊеши (23 мүчөсү бар). Ал Бельгия‚ Улуу Британия‚ Германия‚ Грекия‚ Дания‚ Ирландия‚ Италия‚ Испания‚ Люксембург‚ Нидерланд‚ Португалия‚ Франция‚ ЕCтин банктарынын ж-а ЕИБдин башкаруучуларынан‚ Борбордук ж-а Чыгыш Европа мамлекеттеринин банктарынын 4‚ башка европа өлкөлөрүнүн 4‚ европалык эмес өлкөлөрдүн 4 банк директорлорунан турат. КР ЕРӨБгө 1995-жылдын 28-сентябрынан мүчө. Бишкекте өкүлчүлүгү иштейт.