ЕВТУШЕНКО Евгений Александрович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВТУШЕ́НКО Евгений Александрович [18. 7. 1933-жылы туулган, Россия, Иркутск облусу, Зима станция­сы (азыр шаар)] – орус акыны, жазуучусу. 1951– 54-жылдарда Москвадагы адабият институтунда окуган. Чыгармалары 1949-жылдан жарыялана баштаган. «Бо­лочок чалгынчылар» аттуу туӊгуч ырлар жыйнагы 1952-жылы жарык көргөн.

«Үчүнчү кар» (1955), «Уба­да» (1957), «Ар жылдагы ыр­лар» (1959), «Энтузиасттар шоссеси» (1956), «Махабат лирикасы» (1973), «Менин энем жана нейтрон бомба­сы» (1982; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1984), «Граждандар мени уккула...» (1989), «XXI кылымдын ырлары» (2006) ж. б. 40тан ашуун ыр жыйнагы бар. Анын лирика­ларында адамгерчилик ж-а эл аралык, саясий маселелер козголот. «Ардабиола» (1981) фантас­тикалык повести, «Жемиш жери» (1981), «Мен­ден мурда өлбө» (1994) ж. б. романдары, ме­муарлары, аӊгемелери ж. б. бар. Анын сцена­рийи боюнча «Бала бакча» (1984), «Сталинди акыр­кы сапарга узатуу» (1990) аттуу фильмдер тар­тылган. Чыгармалары чет тилдерге, бир катар ырлары, поэмалары Ж. Султаналиев, Р. Рыску­лов, Б. Карагулов, Т. Арыков тарабынан кыргыз тилине которулган.

Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. М., 1997–2004.– Т. 1–3, 7.