ЕГИПЕТ ЖАЗУУСУ
ЕГИ́ПЕТ ЖАЗУУСУ – дүйнөдөгү эӊ байыркы жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика жана демотика жазууларына бөлүнөт. Булардын негизгиси жана байыркысы – иероглиф. Адам, айбанат, өсүмдүк, имарат ж. б. сүрөттөрүнүн негизинде түзүлгөн. Иероглифтер үнсүз тыбыштарды, ошондой эле 2–3 үнсүз тыбыштын айкалышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан жана өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турат. Мындагы тексттердин байыркылары Биздин заманга чейинки 3–2-кылымдарга, кийинкилери биздин замандын 3-кылымдарына таандык. Иероглиф жазуусунан көп кылымдар бою папируска түрдүү маанидеги тексттерди жазууда колдонулган курсив жазуусу – иератика чыккан. Биздин заманга чейинки 8–7-кылымдарда жаӊы курсив – демотика пайда болгон. Демотика иератикадан курсивдүү келип, лигатурасынын (бир эле тамганын бир нече тыбышты туюнтушу) көп болгондугу менен айырмаланган. Акыркы демотикалык биздин замандын 5-кылымдарына таандык.
Ад.: Петровский Н. С. Звуковые знаки египетского письма как система. М., 1978.