ЕГОРОВ Александр Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЕГОРОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГО́РОВ Александр Иванович [1930-жылы туулган, Ка­закстан, Жамбул облусу, Кордой району, Георгиевка (азыркы Кордой) айылы] – физика-математика илимдеринин доктору (1971), профессор (1972). КМУну бүтүргөндөн (1952), кийин КМУнун улук окутуу­чусу, доценти, кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАнын автоматика институтунда лаборатория башчы­сы, Днепропетровск транспорт инженерлери институтунда кафедра башчы, 1998-жылдан баш­тап Москва физика-техникалык институтунда профессор. Бөлүш­түрүлгөн параметрлүү системалар түрүндө туюн­тулган процесстерди оптималдаштыруу боюнча адис. 200дөн ашык илимий иштери жарык көргөн, анын ичинде 3 монография ж-а 1 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Уравнение Риккатини. М., 2001; Основы теории управления. М., 2004.