ЕКАТЕРИНБУРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕКАТЕРИНБУ́РГ (1924 – 91-ж. С в е р д­л о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов обл-нун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2007); калкынын саны б-ча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991). 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фаб­рика иштеген. Улуу Ата Мек. Согуш мезгилин­де алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина ж-а прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия ж-а хим. ө. ж. өнүк­көн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байы­туу, металлургия ж-а энергетика жабдуулары, домна меши ж. б.), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү лифт­тер, үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (хим. ө. ж. үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Урал­гидромаш», «Труба-мотор заводу» ж. б. өндүрүш бирикмелери. О. эле так механика, оптика, муз­даткыч жасоочу ж. б. заводдору, кара метал­лургия («Жогорку Исеть металлургия з-ду»), электр-тех. (кабель, трансформатор ж. б.), хим., тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» з-ду, «Калина» концерни (космети­ка, тиричилик химиясы) иштейт. Россия ИА-нын Урал бөлүмү,

Шаардын жалпы көрүнүшү.

цизм стилинде курулган Расторгуев-Харитонов

чарбагы (19-к-дын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-к.), Александр Невский собору (19-к.) ж. б. сакталган. Е. – Уралдын ири финансы бор­бору; 50дөн ашык коммерциялык банк (а. и. Рос­сиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-ж. В. А. Курочкин атн. мюзикл ж-а опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-ж. Урал-Сибирь ил.-ө. ж. көргөзмөсү өт­көрүлгөн.