ЖАА
ЖАА – жебе м-н атылуучу эң байыркы курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгачтын эки учуна тептирге (кайыш же жип) кере тартылып байланат. Жебенин түп жагын Ж-нын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээле-

ген нерсени көздөй коё берет. Ж. согушта, аңчылыкта, спортто кеңири пайдаланылган. Дүйнөнүн бардык элдеринде (Австралия м-н Микронезиянын жерг. элдеринен башка) мезолит (б. з. ч. 12–7-к.) доорунан б. з. 17-к-на чейин колдонулган (кээ бир жерде азыр да бар). Жаа жыгачы, тептирге, жебе ж-а саадактан турат. Жумуру же бир жагы жалпайтылган Ж. жыгачы арча, четин, сөксөөл, жаңгак сыяктуу серпилгич, катуу жыгачтан же мүйүздөн жасалат. Эгерде Ж. тоо теке мүйүзүнөн жасалса, ал мүйүз Ж. деп аталат. Жыгачтын же мүйүздүн орто жери жоонураак, эки четин көздөй ичкертилип, учтары тептирге байлаганга ылайыкталып, туурасынан кертмектелип жасалат. Ж. жыгачынын же мүйүздүн так ортосунун сол жагынын бир тутам жерине чийден жоонураак жипти же ширини ороп, сөөктөн, мүйүздөн эп кыят, ал Ж. тутка делет. Ж. тутка Жаачынын колуна ылайыкталып, эптүү, чак ж-а токтомдуу болгудай жасалат. Ж. жыгачынын эки учуна кере тартып байланган тептирге кийиктин тарамышынан тал-тал таралып, бир нече катталып, чыйратылып жасалат. Ж-нын огу – жебе. Жебе салынуучу кутуча – саадак. Ж-нын жөнөкөй ж-а татаал түрү бар. Жөнөкөйү эч бир асеми жок Ж. жыгачынан, тептиргеден гана турса, татаал Ж-нын ички бети жука мүйүз м-н капталып, эки учуна ж-а орто жериндеги туткасына сөөктөн эп кыйылат (кыргыздар урунган Ж. жасалышы б-ча татаал Ж. түрүнө кирет). Мүйүз Ж-лар алтын, күмүш, жез чөгөрүлгөн оймо-чиймелер м-н асемделет. Жоокерчиликте, мергенчиликте Ж. сол ийинге, саадагы оң далыга асылган. Ж. м-н аң уулоону кесип кылган адам жаачы мерген деп аталган. И. Молдобаев.