ЖААН-ЧАЧЫН ӨЛЧӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖААН-ЧАЧЫН ӨЛЧӨГҮЧ – атм. жаан-чачын­дын өлчөмүн аныктоочу аспап. Ал туура кеси­лиш аянты 500 см2, бийикт. 40 см келген ци­линдр түрүндөгү чака ж-а өлчөөчү стакандан турат. Жаан чакага чогулгандан кийин, стаканга куюлуп өлчөнөт. Стакандын боорунда жер бе­тине түшкөн жаандын калыңдыгын мм м-н көрсөтүүчү шкалалар белгиленген. Чакага түш­көн кар, мөндүр ж. б. өлчөө алдында эритилет.
Өлчөгүч жерден 2 м, ал эми шаарда 20–30 м бийикте, мүмкүн болушунча шамал тийбеген­дей жерде орнотулат.