ЖАГДАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАГДАН – кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөктүн бир түрү. Ж. ар кандай көлөмдө, бышык жыгачтан жасалып, сыртынан булгаары м-н капталган. Анын негизи, капкагы ашык-машыктар (топсо) м-н бириктирилип, ачылчу жагынын негизине, капкагына кулпулук бекитилген. Ж-дын бурчтары, четтери калай, жез, алтын, күмүш, асыл таштар м-н асемделген. И. Молдобаев.