ЖАЗА
ЖАЗА – кылмыш кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган адамга колдонулуучу мамл. мажбурлоо, о. эле коомдук мамилелерди коргоонун каражаты. Мурда адат укугу б-ча кыргыздарда өлүм, кун, айып, маскаралоочу Ж., денеге залал келтирүү, айыпкерди жабыр тарткан адамдын же анын туугандарынын колуна берүү, күнөөкөрдүн бардык мүлкүн тартып алуу, элден кууп жиберүү ж. б. Ж. колдонулган. Өлүм жазасы кыргыздарда өтө эле чанда колдонулган. Жабыр тарткан жактын макулдугу б-ча кээде өлүм жазасы кун м-н алмаштырылган. КРдин мыйзамдарынын негиздеринде Ж. кылмышкерди жазалоо гана эмес, аны оң жолго салуу, эмгекке ак ниеттүү мамиле кылууга, мыйзамдарды туура, так аткарууга ж-а жашоо эрежелерин урматтоого тарбиялоо, кылмыш жасоонун алдын алуу максатын көздөйт. Ж. өлчөмү кылмыштуу ишке байланышкан бардык жагдайды, кылмышкердин керт башын, күнөөнүн деңгээлине жараша ж. б. жагдайларды эске алуу м-н аныкталат. Ж-нын негизги Ж. (эркинен ажыратуу, сүргүнгө айдоо, жер которуу, эркинен ажыратпаган түзөтүү эмгеги, кандайдыр бир белгиленген кызматта иштөө укугунан ажыратуу, кызматтан бошотуу, штраф, коомдук уяткаруу ж. б.) ж-а кошумча Ж. (мүлктү конфискациялоо, аскердик же атайын наамдан, ата-энелик укуктан ажыратуу ж. б.) сыяктуу түрлөрү бар.