ЖАЗУУ
ЖАЗУУ – 1) сөздүн (кептин) катталышы; графикалык белгилердин ж-а сүрөттөрдүн жардамы аркылуу ой-сезимди, сөздөрдү чагылдыруучу белги. Ал бардык доорду бири-бири м-н байланыштырып, өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келген. Ж. – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдонулат. Ж. – коомдогу зор табылгалардын бири, мад-ттын жогорку жетишкендиги. Кайсы гана элди албайлы, бардыгынын Ж-су бири-биринен туруктуу белгилери, формасы м-н айырмаланган системаны түзөт. Ж-да белгилердин формасына карата эмес, маанисине, б. а. кептин кайсы элементтеринин (сөз, муун же тыбыш) белги аркылуу туюнтулушуна карай типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин Ж-су 4 типке бөлүнөт: пиктографиялык жазуу, идеографиялык жазуу, муун жазуусу ж-а тыбыш жазуусу. П и к т о г р а ф и я л ы к Ж. – Ж-нун эң байыркы түрү. Анда туюнтма катары бүтүндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пиктограммалар) колдонулган. И д е о г р а ф и ял ы к Ж-нун жазуу белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат (мис., кытай иероглифи). Жеке турганда маани берген муундар – м у у н Ж-нун белгилери болуп эсептелет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Т ы б ы ш Ж-нун түрү – үнсүз тыбыш Ж-су ж-а вокалдык-тыбыштык Ж. (мындагы белгилер үндүү-үнсүз – экөөнү тең билгизет); 2) май живописи техникасында – ири полотнону тартууда лессировкадан мурда боёкту сүртүүнүн артынан эле жасалчу негизги процесс. Ж-нун саны сүрөтчүнүн ишине жараша болот, алардын ар бири боёктун толук кургашы м-н бүтөт. Кеңири ж-а так эмес маанисинде – кээде боёктук сүртүмдү ж-а бүткөн картинаны же анын деталдарын оңдоо (автордун өзү оңдобогон жерлерин кошуп да) Ж. деп аталат.