ЖАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙ – абанын темп-расы эң жогору болуп тур­ган жыл мезгили; климаттык сезон. Түн. жа­рым шарда Ж-кы күн токтолуудан (21–22-июн­дан) же Ж-кы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгил. Түн. жарым шарда – июнь, июль, август, Түш. жарым шар­да – декабрь, январь, февраль айлары Ж. мез­гили болот. Ж. мезгилинин узактыгы климат­тык ж-а фенол. сезон катары төмөнкү кеңдик­терден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою Ж. өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кырг-н айма­гында Ж-ында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүм­дүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кырг-нда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон р-нундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар Ж. мезгилин табыс­тан, Ж-дын толгон кезин ак жай деп да атайт. Ө. Бараталиев.